Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды

Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин сыйлыктарын тапшырды

Бүгүн КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн бир катар тармактын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

МинКабдын басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  Адылбек Касымалиев КРнын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, бир катар тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштарын тапшырды.

Ишчара Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүн майрамдоого да байланыштуу болгондугу белгиленүүдө.

Адылбек Касымалиев жалпы Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан чогулгандарды куттуктап, бул сыйлыктар сыйлык ээлеринин эмгек жолундагы кезектеги баскычтарга, мындан аркы ийгиликтерине жол ачуусуна тилектештигин билдирип өттү.  

Мындан тышкары окуңуз

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Орто-Токой ГЭСиндеги иштин жүрүшү текшерилди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Орто-Токой ГЭСине барып, ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу жана сыноо иштеринин жүрүшү, ошондой эле станциянын жабдууларын ишке киргизүүгө даярдоо иштери менен таанышты. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда “Чакан ГЭС” ААКнын адистери China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясынын өкүлдөрү менен биргеликте станциянын генераторлорун жана көмөкчү

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Япония Кыргызстанга 4 млн доллар грант берет

Финансы министри Руслан Суйналиев менен Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия жолугушуп, Алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюушту. Гранттык колдоонун жалпы көлөмү 533 млн япон иенин (болжол менен 4 млн долларды) түзөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, каражаттар жол-транспорт техникасын сатып алууга багытталат.

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

Каржы министрлигине аудит: бюджетке кайтарыла элек каражаттар бар

14-августта Эсептөө палатасы Каржы министрлигине караштуу кызматтар жана мекемелердеги 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча шайкештик аудитин аяктады. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, аудиттин жыйынтыгында жалпы суммасы 110 млн 181,6 миң сомду түзгөн каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Текшерүүнүн жана көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 26 млн

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Манас шаарындагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Манас шаарында алты мектеп куруп жатат. Алардын бири 375 орунга ылайыкталган №21 жаңы мектеп. Министрликтин маалыматына ылайык, объект мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда үч кабаттуу мектептин имараты толук тургузулуп, курулуш иштери 85%га аткарылды. Имараттын ички