Жол чарба департаментинин жетекчиси болуп Уланбек Султанов дайындалды

Жол чарба департаментинин жетекчиси болуп Уланбек Султанов дайындалды

Уланбек Султанов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койгон.

Маалыматка ылайык, Уланбек Султанов буга чейин “Кыргызжолтрансдолбоор” институтунун башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Ал жол тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ болуп, бир катар квалификациялык сертификаттардын жана сыйлыктардын ээси экени белгиленди.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

“Беш-Бурхан” кенинен 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда

“Беш-Бурхан” кенинен 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан “Беш-Бурхан” көмүр шахтасына барып, өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр шахтанын өндүрүштүк кубаттуулугу, көмүр казуу процесси, коопсуздук чаралары, жер астындагы тоо-кен иштери жана өндүрүш инфраструктурасынын абалы боюнча

Адилет Орозбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолугушту

Адилет Орозбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков 19-май күнү Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушуу өткөрдү. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, коопсуздук тармагындагы эл аралык кырдаал боюнча пикир алмашышты. Адилет Орозбеков кытай тарапка 14-майда Бишкекте кыргыз тараптын төрагалыгы алдында

Жалал-Абадда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды

Жалал-Абадда курулуш талаптарын бузган компанияга айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерин текшерүү иштери уланууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Пионер көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайда курулуш талаптары жана техникалык регламенттер толук сакталбаганы аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар

Ала-Бука – Кербен жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, жол кыймылы убактылуу чектелди

Ала-Бука – Кербен жолундагы көпүрөнү суу алып кетип, жол кыймылы убактылуу чектелди

Ала-Бука – Кербен унаа жолунун 23,8-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн эки жагын суу алып кеткендиктен, жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда аталган тилкеде абал кооптуу бойдон калууда. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу жеңил унаалар гана өткөрүлүп, жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу тыюу салынды. Жеринде