Александр Турчин расмий сапары менен Бишкекке келди
Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин 4-июнда расмий сапары менен Кыргызстанга келди.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.
Сапардын алкагында Александр Турчин Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.
Ошондой эле премьер-министр ишканаларды кыдырып, кыргыз-беларусь бизнес-форумуна катышат.


