Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат
Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор үчүн өз ара пайдалуу шарттарда кызматташуу зарылдыгын айтты.
Анын сөзүнө караганда, инвестициялык саясаттын негизги максаты капитал тартуу менен гана чектелбеши керек. Ишке ашырылган долбоорлор жаңы жумуш орундарын түзүп, өндүрүштү өнүктүрүп, экономиканын узак мөөнөттүү өсүшүнө салым кошууга тийиш.
Президент уруксат берүүчү документтерди алуу, инвестициялык келишимдерди түзүү жана инвесторлорду коштоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү иштери улантыларын билдирди.
Ошондой эле жеке менчикти жана инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, инвесторлор талаш-тартыш жаралган учурда өз укуктарын сот аркылуу ишенимдүү коргой аларына ишениши керек.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын 2030-жылдын аягына чейин жыл сайын 20%га көбөйтүү максаты коюлганын айтты.