Чет элдик унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлык кабыл алынды

Чет элдик унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлык кабыл алынды

“Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон “Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин аяктоо, алардын укуктук статусун жөнгө салуу, легалдаштыруу үчүн кошумча мүмкүндүк берүү, ошондой эле мыйзамсыз эксплуатациялоонун алдын алуу жана бул маселени биротоло чечүү максатында, токтом кабыл алынды.

1.Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн (анын ичинде адистештирилген токтотуу жайларында турган) чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын (мындан ары – транспорт каражаттары) ээлерине (айдоочуларына) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө укук берилсин: 

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүүгө; 

2) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууну жүзөгө ашырууга; 

3) транспорт каражаттарын запастык бөлүктөргө сатууга; 

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүзөгө ашырууга. 

2. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

1) транспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруу жол-жобосу 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына ташып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн транспорт каражаттарына гана жайылтылат деп; 

2) легалдаштыруунун кошумча жол-жобосу бир жолку, өзгөчө жана акыркы мүнөзгө ээ жана узартылууга тийиш эмес деп; 

3) ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин транспорт каражаттарын легалдаштырууга жол берилбейт деп; 

4) легалдаштыруудан өтпөгөн транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоого тыюу салынат деп. 

3. Ээси (айдоочусу) ушул Жарлыктын талаптарын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда транспорт каражаттары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте кийин утилдештирүү менен адистештирилген токтотуу жайларына киргизилүүгө тийиш. 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) ушул Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып 30 календардык күндөн кеч эмес мөөнөттө Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча жол-жобосун алгачкы каттоо үчүн жыйымдын ставкасынын мурда белгиленген өлчөмдөрү жана колдонуу мөөнөттөрү менен жүргүзүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин; 

2) Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүргүзүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин; 

3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн. 

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: 

1) ээси (айдоочусу) кайрылган учурда легалдаштыруудан өтпөгөн транспорт каражаттарын ушул Жарлыкка ылайык андан ары сатуу үчүн милдеттенме менен берүүнү камсыз кылсын; 

2) аталган учурлар үчүн транспорт каражаттарын адистештирилген токтотуу жайларында сактоонун жеңилдетилген тарифин бир суткага 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгилесин.

6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы: 

1) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз ташып чыгууну камсыз кылсын; 

2) чек ара контролун жүзөгө ашырууда транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү фактысын мамлекеттик санариптик технологиялык системаларга тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен туруктуу негизде белгилөөнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу менен ээсине (айдоочусуна) кирүү датасын ырастоочу санарип документти берүүнү камсыз кылсын. 

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын. 

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media