Банктарда шектүү эсептерди тоңдуруу системасы сыналууда
Антифорд системасы 26 коммерциялык банкка туташтырылып, сыноодон өтүп жатат. Бул тууралуу башкы поркурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева кечээ парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 102ге алдамчылык тууралуу кабар түшөрү менен ал системага киргизилет. Аны банктар алып, көрсөтүлгөн эсептерди дароо 30 күнгө бөгөттөйт.
"Коомдун өзгөрүшүнө байланыштуу кылмыштардын да түрлөрү өзгөрүп жатат. Учурда тоноочулук, уурулук кылмыштар азайып, киберкылмыштар көбөйүүдө. Ошол себептен мамлекеттик органдар тарабынан ушундай системалар иштелип чыгып жатат", - деди ал.
Баш прокурордун орун басары учурда 102 кызматынын адистери системаны колдонууну үйрөнүп жатышканын кошумчалады.
Улуттук банк антифорд системасы жарандардын эсептерин алдамчылыктан коргой ала турган система экенин билдирип, ага бардык банктар туташууга тийиш экенин маалымдаган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу