Кыргызстан менен Орусия таланттуу жаштарды колдоого алат

Кыргызстан менен Орусия таланттуу жаштарды колдоого алат

Москвада "Кыргызстан – Сириус" биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча даярдыктардын жүрүшү жана практикалык кадамдар талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган долбоор билим берүү жана илимди өнүктүрүүгө, ошондой эле таланттуу балдар менен жаштарды колдоого багытталган.

Маалыматка ылайык, долбоор министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен "Сириус" федералдык аймагынын кеңешинин төрайымы Елена Шмелева менен жолугушуусунда талкууланган.

Кыргызстандагы мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн "тездетилген" билим берүү программаларын ишке киргизүүгө, ошондой эле Бишкекте "Кыргызстан – Сириус" таланттар саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана "Кыргызстан – Сириус" долбоорун ырааттуу ишке ашырууга кызыкдар экенин тастыкташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун негизги параметрлерин, анын ичинде каржылоону, курулушту, башкарууну жана ишке ашыруу мөөнөттөрүн координациялоо милдети жүктөлгөн биргелешкен жумушчу топту түзүү сунушу колдоого алынды.

Андан тышкары, тараптар өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн карашат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды

Депутат аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин көтөрдү

Банктарда шектүү эсептерди тоңдуруу системасы сыналууда

Органикалык өндүмдөрдү адаштыруу менен саткандарга айып пул салынат

Кочкордогу токой чарбада 5400 түп көчөт жабык тамыр системасы менен өстүрүлдү