Майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектептерди ачуу сунушу айтылды

Майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектептерди ачуу сунушу айтылды

Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн заманбап мамлекеттик мектептер салынышы керек. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров парламенттин бүгүнкү жыйынында көтөрдү.

Ал муну этап менен ишке ашырып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жеткиликтүү кылууну сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, муну менен 2 көйгөйлүү маселе чечилмек. Атап айтканда, майыптыгы бар балдар билим ала алышса, алардын ата-энелеринде иштөөгө убактысы пайда болмок.

"Мындай мектептерде балдар билим гана албастан, өз ара баарлашууга, тамактанууга жана турмушка керектүү жөндөмдөргө ээ болушу керек. Ошондой эле мамлекет дефектологдорду, логопеддерди жана сурдопедагогдорду даярдоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл", - деди Абиров.

Депутат Министрлер кабинети менен Бишкек шаарынын мэриясына кайрылуу кылып, кийинки жылдын бюджетинен мектептерди салуу үчүн каражат бөлүү жагын караштырууга үндөдү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук агенттик Гонконгдун Guosen Securities компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

Нарын шаары кышка даяр: калк үчүн 7 миң тоннадан ашык көмүр жеткирилди

Айрым министрликтердин ишин 7де баштатуу сунушталды

Экспортко чыгарылуучу айыл чарба продукцияларына фитосанитардык сертификат берүү тартиби өзгөрөт

Битум базаларынын кубаттуулугу артууда