Бишкекте кыргыз-армян кызматташтыгы талкууланды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Кыргызстандагы Армениянын элчиси Армен Гевондян менен жолугушуу өткөрдү. Бул боюнча 25-ноябрда министрликтен кабарлашты.
Жолугушууда эки өлкөнүн тармактык министрликтеринин ортосунда Ысык-Көлдү жана Севан көлүн сактоо максатында кызматташуу боюнча кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле, экинчи "Бишкек +25" Глобалдык тоо саммитин өткөрүүгө даярдык маселеси талкууланды.
Кыргыз тарап уюштуруу иштеринин жүрүшүнө жараша маалымат алмашууну мындан ары да улантууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кыргыз-армян кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.