Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманли менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын алакаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган саясий жана институционалдык реформалар жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле ал Жогорку Кеңеш 2014-жылдан бери ЕКПАда «Демократия үчүн өнөктөш» макамына ээ экенин эске салды.

Төрага парламенттеги соңку өзгөрүүлөргө да токтолуп, депутаттардын үчтөн биринен көбүн аялдар түзөрүн, мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү иштери толугу менен электрондук форматка өткөнүн билдирди.

Мындан тышкары, шайлоочулар менен байланышты күчөтүү максатында санариптештирилген коомдук кабылдама ишке берилгенин кошумчалады.

Өз кезегинде Мариетта Караманли Европа кеңеши кыргыз парламенти менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар активдүү уюштурулуп жатканын айтты.

Жолугушууда тараптар шайлоо жараяндарын жакшыртуу, сот системасын реформалоо, парламенттин ачык-айкындуулугун өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери боюнча да пикир алышты.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media