Садыр Жапаров: "БУУдагы жеңиш — дүйнөлүк ишенимдин белгиси"

Садыр Жапаров: "БУУдагы жеңиш — дүйнөлүк ишенимдин белгиси"

Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына кайрылуу жарыялап, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын “тарыхый жеңиш” деп атады.

Мамлекет башчысы 3-июнда БУУга мүчө мамлекеттердин колдоосу менен Кыргызстан эл аралык коомчулуктун жогорку ишенимине ээ болгонун белгиледи.

“Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле БУУга мүчө бардык мамлекеттердин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алат”, — деп жазды президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүгүндө эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, чакан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө басым жасай турганын билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын талапкерлигин колдогон мамлекеттерге ыраазычылык айтып, Филиппинге өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз Республикасы Коопсуздук кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр”, — деп белгиледи өлкө башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media