Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

Жогорку Кеңеште Нидерландия менен кызматташтык маселелери талкууланды

4-июнда Жогорку Кеңешнин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева Нидерланд Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Нико Схермерс менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды.

Комитет төрайымы акыркы жылдары Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташуусу жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, парламенттер аралык сапарларды көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Ал ошондой эле Бенилюкс өлкөлөрү менен дипломатиялык жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим киргизүү боюнча макулдашуулар Жогорку Кеңеште колдоо тапканын белгиледи.

Жолугушууда энергетика, транспорт, өнөр жай, туризм жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлор, ошондой эле суу ресурстарын башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелери да талкууланды.

Өз кезегинде элчи Нико Схермерс айыл чарба багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Нидерланд делегациясы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылды.

Мындан тышкары окуңуз

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

“Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден кабарлады. Маалыматка караганда, отурумда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы “Кыргыз таза суу” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Министрлер

Ишкер Media
Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Өлкөдө кайра инвестицияланган пайдага салык салуу эрежелери жеңилдетилет

Кыргызстанда кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору жана технологиялык терең кайра иштетүүгө негизделген продукцияларды чыгарган ишканаларга салык салуу эрежелерин жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы ишкерлердин кызыкчылыктарын эске алган жана салыктык башкарууну жөнөкөйлөткөн тең салмактуу саясат жүргүзүлөрүн айтты. Анын белгилешинче, санариптик чечимдерди киргизүү

Ишкер Media
КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media