Садыр Жапаров ШКУдагы коопсуздук кызматташтыгын күчөтүүгө чакырды

Садыр Жапаров ШКУдагы коопсуздук кызматташтыгын күчөтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлери менен болгон жолугушууда заманбап коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

Жыйында маалыматтык коопсуздук, киберкоркунучтарга каршы күрөш жана санариптик технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктар талкууланды.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө кылмыштуу топтор жасалма интеллектти, киберчабуулдарды жана мыйзамсыз каржы агымдарын пайдаланып жатканын белгилеп, маалыматтык коопсуздукту чыңдоо жана киберкоркунучтарга каршы күрөштү күчөтүү өзгөчө маанилүү экенин айтты.

Анын айтымында, ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздук коркунучтар пайда болгондон кийин эмес, аларды алдын ала аныктап, бөгөт коюуга жөндөмдүү болушу керек.

“Кылмыш дүйнөсү жаңы технологияларды өздөштүрүп жаткан шартта биздин биргелешкен аракеттер дагы заман талабына жооп бериши зарыл”, — деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле ШКУнун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн базасында Коопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбор түзүү сунушун белгиледи.

Анын курамында Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору жана Ташкенттеги Маалыматтык коопсуздук борбору иш алып барышы мүмкүн экени айтылды.

Өз кезегинде Нурлан Ермекбаев Кыргызстан ШКУ алкагындагы коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media