Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Президенти Садыр Жапаров “Экономика жана коммерция министрин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Ал бул кызматты экономика жана коммерция министри кызматын айкалыштыруу менен аркалайт.

Документке ылайык, Бакыт Сыдыковго 2026-жылдын 31-декабрына чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы ыйгарылды.

Жарлыктын негизги максаты — Кыргызстандын улуттук экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, санкциялык тобокелдиктердин алдын алуу жана мамлекеттик органдардын бул багыттагы ишин бир нукка салуу болуп саналат.

Атайын өкүлдүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана финансылык мекемелер менен санкция маселелери боюнча байланыш жүргүзүү;
экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу;
трансчек аралык эсептешүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу;
эл аралык чектөөлөрдүн экономикага, соодага, логистикага жана банк тармагына тийгизген таасирин талдоо;
санкциялык чакырыктарды эрте аныктоо жана ыкчам чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу.

Мындан тышкары, атайын өкүлгө мамлекеттик органдардан маалымат талап кылуу, мекемелер аралык жыйындарды өткөрүү жана санкциялык саясат боюнча президентке жана Министрлер кабинетине сунуштарды киргизүү укугу берилди.

Мындан тышкары окуңуз

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

КРУБ: Нак акчаны негизсиз кабыл албагандарга айып пул каралган, бирок автобустарга тиешеси жок

Кыргызстанда нак акчаны төлөм катары негизсиз кабыл алуудан баш тарткан жеке жана юридикалык жактарга айып пул каралган. Бирок Бишкектеги муниципалдык автобустарда жол кирени нак акча менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берилбегени мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы “Ишкер медианын” суроолоруна берген жообунда билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык,

Ишкер Media
Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою киреше алып келген тармакка айлантууну көздөйт

Кыргызстан туризмди жыл бою иштеген кирешелүү тармакка айландырууну көздөйт. Бул тууралуу өлкө башчысы 21-октябрда борбор калаада өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Бул үчүн заманбап жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү жана саякатчылардын коопсуздугун камсыздоо негизги милдеттер катары белгиленди. Садыр Жапаров бул багытта "Ала-Тоо Резорт", "

Ишкер Media
Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирерин айтты

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билим берүү тармагында маселелерге токтолду. Өлкө башчынын айтымында, жогорку окуу жайларда фундаменталдык, колдонмо, кибернетикалык, инженердик-техникалык багыттар боюнча адистерди даярдоого басым жасалат. "Булар – өз кезегинде мектептерде билим берүүгө коюлган талаптар. Мындай мектептерде STEM багытындагы билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл

Ишкер Media
Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Өлкөгө инвестиция тартууда долбоорлордун сапатына басым жасалат

Кыргызстанда инвестиция тартууда долбоорлордун санына эмес, алардын сапатына, экономикалык натыйжалуулугуна жана өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө кошкон салымына басым жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкек шаарында өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысы өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар тараптар көп экенин белгилеп, ар бир сунуш кылдат талданып, мамлекет жана инвестор

Ишкер Media