Кыргыз-швейцар өнөктөштүгүнүн жаңы багыттары талкууланды

Кыргыз-швейцар өнөктөштүгүнүн жаңы багыттары талкууланды

11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Сироко Мессерли менен жолугушту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар суу ресурстарын башкаруу, айыл чарба жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кыргыз-швейцар кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап Швейцариянын өлкөдөгү суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу системасын жакшыртууга багытталган "Суу пайдаланууга уруксат берүү системасы (WUP KG)" долбоорун ишке ашырууга кошкон салымын жогору баалады.

Мындан тышкары, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, мал чарбачылыгы, ветеринария, балык чарбачылыгы жана аквакультура багыттарындагы кызматташтык маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле ата мекендик айыл чарба өндүрүмдөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Швейцария агроинновациялар, климаттык туруктуулук жана айыл чарбасын санариптештирүү багыттарында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Ошто уруксатсыз курулуп жаткан объекттин иши токтотулду

Ош шаарында архитектуралык-уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталып, курулуш иштери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерине жүргүзүлгөн кезектеги текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуу фактысын аныктады. Министрликтин маалыматына ылайык,

Кыргыз-өзбек агрардык байланыштары жаңы багыттар менен толукталууда

Кыргыз-өзбек агрардык байланыштары жаңы багыттар менен толукталууда

28-июлда Кыргыз-Өзбек бизнес-форумуна даярдык көрүүнүн алкагында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Тараптар өсүмдүк, күрүч, картөшкө өстүрүү

Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды

Токмок шаарына 10 жаңы автобус сатылып алынды

Токмок шаарына 10 жаңы автобус алынып келди. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Токмокко 10 автобус тапшырылды. Жаңы автобустар үчүн маршруттук каттамдар чийилди.  Автобустун жол кире акысы 25 сомду түзөт. Автобустар ар 15 мүнөт сайын каттайт. Кыргызстандын экономика,

Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

Россиядагы 194 кыргыз жаранына төлөнбөй келген эмгек акысы өндүрүлүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФгы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарынын эмгек жана социалдык укуктарын коргоо боюнча системалуу иштерди улантып, алардын Россиянын аймагындагы эмгек ишмердүүлүгүнө жана жүрүүсүнө байланышкан маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы, 2026-жылдын башынан бери өкулчүлүк тарабынан 194 жаранга мурда төлөнбөй калган эмгек акысы өндүрүлүп