Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды.
Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.