Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында
Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде:
• предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы
• ашкана, компьютердик класс, дарыгер бөлмөсү
• жыйындар залы жана эл аралык стандартка жооп берген спорт зал болот
Учурда имараттын ички жасалгалоосу жана айланасын көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.
Курулуштун сапаты министрликтин тиешелүү департаменттери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.