Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты.

Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 7,7 млн долларды түзөт. Анын ичинен 5,4 млн доллары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен түзүлгөн кредиттик келишимдин алкагында каржыланат. Каражаттар заводду курууга, технологиялык жабдууларды сатып алууга жана курулуш-монтаждоо иштерине жумшалат.

"Өндүрүш тармагына инвестиция тартуу өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү. Мындай долбоорлордун ишке ашырылышы жаңы өндүрүш кубаттуулуктарын түзүүгө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана ата мекендик бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлорго долбоорлорду ишке ашырууда жаралган маселелерди чечүүгө жана келечектүү демилгелерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр", - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Долбоордун алкагында пастерленген жана ультрапастерленген сүт, каймак жана сүт коктейлдерин өндүрүү пландалууда. Ишканада 50гө чейин жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү фермердик чарбалардан алынган сүт чийки затына суроо-талаптын өсүшү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү күтүлүүдө.

Өндүрүлгөн продукция ички рынокко жеткирилип, ошондой эле Казакстанга жана Өзбекстанга экспорттолот. Бул ата мекендик сүттү кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Жолугушууда долбоорду ишке ашырууга байланыштуу маселелер, анын ичинде технологиялык жабдууларды алып келүүдө тарифтик жеңилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн инвестициялык долбоорду жана тиешелүү товардык позицияларды Инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизүү маселеси талкууланды. Аталган маселе мыйзамдарда белгиленген тартипте каралат.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media
Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылган эмес, аталган айыл өкмөтүнө буга чейин регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен

Ишкер Media
Айбек Джунушалиев көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Айбек Джунушалиев көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларын кыдырып, кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы көмүрдүн запасы жана базалардын кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бүгүнкү күндө көмүр базаларында 10 миң

Ишкер Media