Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылган эмес, аталган айыл өкмөтүнө буга чейин регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын жүрүшүндө экологиялык талаптарды бузган фактылар аныкталып, күнөөлүү тараптарга административдик чаралар көрүлдү.

Мындан тышкары, келип түшкөн маалыматтын негизинде Сайдыкум айыл аймагына караштуу Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинде рейддик иш-чарада жергиликтүү тургундардын бири кум-шагыл аралашмасын белгиленген эрежелерди бузуу менен казып жатканы аныкталган.

Аталган жаранга дагы Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле кум-шагыл жана чопо кендерин казып алуунун белгиленген тартибин сактоо, мыйзам талаптарын аткаруу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкекте көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы көмүр базаларын кыдырып, алардын кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаар башчысы Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларында болуп, отундун запасы жана сатууга даярдыгы менен таанышты. Учурда шаардагы көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык

Ишкер Media
Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media
Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү

Ишкер Media