Кыргызстан менен Кытай виза алуу маселесин талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай виза алуу маселесин талкуулашты

Бишкекте кыргыз-кытай министрликтер аралык консулдук консультациялары өтүп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери каралды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, делегацияларды Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Лун Чжоу жетектеди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү, жарандардын укуктарын коргоо жана эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы виза режимин либералдаштыруу болду. Тараптар туристтик жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү үчүн виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жана ыкчамдатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн жарандарынын жана ишканаларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар бул багытта кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Консультациялардын алкагында соттолгон жарандарды өткөрүп берүү маселеси да каралды. Кыргыз тарап Кытайда жаза өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарына байланыштуу өтүнүчтөрдү кароону тездетүүнү суранды.

Ошондой эле жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, консулдук кызматтарды санариптештирүү жана бул багыттагы тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Оштогу Ак-Буура конушунда 800 орундуу жаңы мектеп бүтүү алдында

Ош шаарынын Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Мектеп 3 кабаттуу, жалпы аянты 8339 чарчы метр. Долбоорго ылайык ичинде: • предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, окуу залы • ашкана, компьютердик класс, дарыгер

Ишкер Media
Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Сосновкадагы таштанды полигонундагы өрт үчүн айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй башкармалыгы Жайыл районунун Сосновка айылындагы таштанды полигонундагы өрт боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жыйынтыкта "Таза Сосновка" муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 23 000 сом айып салынды. Мындан тышкары ишкана өкүлдөрүнө полигондо өрт чыгарбоо жана экологиялык

Ишкер Media
Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылган эмес, аталган айыл өкмөтүнө буга чейин регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен

Ишкер Media
Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү

Ишкер Media