Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында, 12-июнда, жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Төмөнкү эки тараптуу документтер кол коюлду: 

- Кыргызстандын жана Грузиянын авиациялык бийлик органдарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандуму; 

- Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Мамлекеттик мүлк агенттигинин ортосунда мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму; 

– Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен Грузиянын Улуттук азык-түлүк агенттигинин ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандуму; 

- Грузиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2027–2028-жылдарга кызматташуу программасы; 

- Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Грузиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарба министрлигинин ортосунда радиациялык коргоо, ядролук коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча кызматташуу жана маалымат алмашуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

- Кыргызстандын Агартуу министрлиги менен Грузиянын Билим берүү, илим жана жаштар министрлигинин ортосунда билим берүү жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму; 

- Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин ортосунда Кыргыз Республикасы менен Грузия Республикасынын ортосунда ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды алдын ала алмашууну уюштуруу тууралуу макулдашуу; 

- Кыргызстандын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Грузиянын Спорт министрлигинин ортосунда дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандуму; 

- Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Грузиянын Юстиция министрлигинин ортосунда укуктук чөйрөдөгү кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media