Токаевге Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунушташты

Токаевге Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну  сунушташты

Жогорку Кеңештин төрагасынын Марлен Маматалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле маданий-гуманитардык алакалар боюнча маселелер көтөрүлүп, төрага Астана шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуш кылды.

Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Казакстан үчүн жакын коңшу, бир тууган мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык өнүгүүсүнө жогору баа берип, өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын Борбор Азия үчүн маанилүү окуя катары баалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыздоо жана эки өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар боюнча пикир алышты.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү

Ишкер Media
Айбек Джунушалиев көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Айбек Джунушалиев көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларын кыдырып, кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы көмүрдүн запасы жана базалардын кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бүгүнкү күндө көмүр базаларында 10 миң

Ишкер Media
Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media