Айбек Джунушалиев көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Айбек Джунушалиев көмүр базаларынын кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларын кыдырып, кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы көмүрдүн запасы жана базалардын кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бүгүнкү күндө көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Ошондой эле шаардагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы каралды. Айбек Джунушалиев шаардын отканалары толугу менен даярдалып, жылытуу мезгилинин башталышына даяр экенин белгиледи.

Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын болжол менен 27–28и тиешелүү келишимдердин негизинде иш алып барат. Бул көмүрдүн запасына жана баасына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле аны шаар тургундары үчүн жеткиликтүү баада камсыз кылууга шарт түзөт.

Шаар башчысы тургундарды көмүрдү суук түшкөнгө чейин күтпөстөн, алдын ала сатып алууга чакырды. “Кыштын алгачкы кары жаагандан кийин дүрбөлөң жаралбашы үчүн көмүрдү алдын ала сатып алыңыздар. Кыш мезгилине өз убагында даярдануу зарыл”, — деп белгиледи Айбек Джунушалиев.
Бүгүнкү күндө көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт. Баа монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык белгиленген.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүүнү улантуу, ошондой эле кыш мезгилинде борбор калаанын тургундарын жетиштүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Экологиялык талаптарды аткарылбагандыгына үчүн айыл өкмөтүнө 13 000 сом айып пул салынды

Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн таштанды таштоочу жайынын экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтү узартылган эмес, аталган айыл өкмөтүнө буга чейин регионалдык башкармалык тарабынан беш пункттан турган эскертме берилген. Бирок талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнө 13 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен

Ишкер Media
Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Чүйдө 7,7 миллион долларлык сүт заводу курулат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Нукура Про" ЖЧКсынын башкы директору Гүлзада Сарыбаева жана Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Анвар Меделбек уулу менен жолугушту. Агенттиктен билдиришкендей, тараптар Чүйдүн Шопоков шаарында сүттү кайра иштетүүчү завод куруу боюнча инвестициялык долбоордун ишке ашырылышын талкуулашты. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү

Ишкер Media
Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?

Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн

Ишкер Media
Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкектеги Күмүшалиева көчөсү пайдаланууга берилди

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Октябрь районундагы С. Күмүшалиева көчөсүнүн реконструкциясын көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, оңдолгон тилкенин узундугу 570 метр, туурасы 7 метр. Эки тарабына 1,5 метрден тротуар салынып, суу агызуучу лоток жана бордюрлар орнотулган. Тургундар мэрге ыраазычылык билдирип, жол жаңыргандан кийин айдоочулар ылдамдыкты ашырып жатканын

Ишкер Media