Кыргызстандын энергетикасы: суу менен көмүргө көз карандылыктан чыгууга болобу?
Кыргызстан жыл сайын жылытуу мезгилине жакындаганда бир эле суроого туш болот: кышында электр энергиясы жетеби? Акыркы жылдары өлкөнүн энергетика системасына күч келүүдө. Беш жыл ичинде гидроэлектр станцияларынын энергетикалык баланстагы үлүшү 90 пайыздан 70 пайызга чейин төмөндөсө, 2021-жылдан бери электр энергиясынын импорту дээрлик он эсеге өскөн. Мындай шартта Кыргызстан үчүн энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү зарылчылыкка айланууда.
Электр энергиясынын бештен бир бөлүгү сырттан алынат
Кыргызстандын энергетика системасы негизинен эки булакка - суу менен көмүргө таянат. Ал эми 2021-жылдан тартып импорттук электр энергиясынын мааниси кыйла өстү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылга чейин ГЭСтер өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 85–92 %н камсыздап келген. Көмүр менен иштеген жылуулук электр станциялары негизинен суунун көлөмү азайган жылдары кошумча булак катары пайдаланылган. Бирок 2021-жылдан тартып ГЭСтердин үлүшү төмөндөп, мурдагы деңгээлине кайта элек. 2024-жылдагы энергетикалык баланстын түзүмү төмөнкүдөй болгон:
- Гидроэлектр станциялары — 69,6%;
- Жылуулук электр станциялары — 9,7%;
- Электр энергиясынын импорту — 20,7%.
Демек, Кыргызстан керектеген электр энергиясынын бештен бир бөлүгүн чет өлкөлөрдөн сатып алууга туура келген.

Мындай көз карандылык коңшу мамлекеттерде электр энергиясын жеткирүүдө көйгөй жаралса же импорттук баалар жогоруласа, Кыргызстандын энергетикалык туруктуулугуна түздөн-түз таасир этиши мүмкүн.
Электр энергиясын керектөөнүн түзүмү да көңүл бурууга арзыйт.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев 24.kg басылмасына берген маегинде энергетика тармагына олуттуу финансылык каражаттар багытталып жатканын, бирок электр тармактарын, көмөкчордондорду жана энергия өндүрүүчү объектилерди жаңылоого кошумча каражат зарыл экенин билдирген.
Анын айтымында, өкмөт электр энергиясынын тарифтерин акырындык менен жогорулатуу саясатын жүргүзүүдө.
Мындан тышкары, Энергетика министрлигине өлкөдөгү электр тармактарын жана көмөкчордондорду толук инвентаризациялоо, эң көйгөйлүү тилкелерди аныктоо жана оңдоо иштерин уюштуруу тапшырылган.
Он жылда электр энергиясын керектөө 24,6 % өстү
Энергетика системасына болгон жүктөм жылдан-жылга көбөйүүдө. Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда электр энергиясын керектөө 24,6 % өскөн. Эң чоң өсүш айыл чарбасында катталган. Бул тармакта электр энергиясын пайдалануу 62 % көбөйгөн. Ал эми өнөр жай менен калктын электр энергиясын керектөөсү 15,5 %га жогорулаган.
Андан кийин суу азайып, 2021-жылы 11,15 млрд куб метрге чейин төмөндөгөн. Бул 2017-жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөн 40 %н ашык аз. Андан бери суу сактагычтагы суунун көлөмү негизинен 10–12 млрд куб метрдин тегерегинде өзгөрүп, мурдагы жогорку деңгээлге жете элек.
Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин төмөндөшү бир жолку маселе эмес, климаттык божомолдор менен тастыкталган кеңири тенденциянын бир бөлүгү.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, эң жагымдуу климаттык сценарийде да, Кыргызстандын негизги ГЭСде электр энергиясын өндүрүү 2050-жылга чейин кеминде 16-21% га кыскарышы мүмкүн. Эң чоң тобокелдик Камбар-Ата II ГЭСине тиешелүү. Анын электр энергиясын өндүрүү көлөмү 65 % чейин азайышы ыктымал.
Бул божомолдор Кыргызстан үчүн суу ресурстарына гана таянуу келечекте олуттуу тобокелдиктерди жаратарын көрсөтүүдө. Эки булактан курулган жана акыркы он жылдыктын жүктөмдөрүн көтөрүүгө арналган электр тармагы азыр өзүнүн чегине жакындап калды.
Мындан тышкары, Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, акыркы жылдары Борбордук Азия өлкөлөрүндө жаңы энергияны көп талап кылган керектөөчүлөр пайда болду: криптомайнинг фермалары, маалымат иштеп чыгуучу борборлор жана электр унаалары. Алардын таасири да байкалууда. Климаттын өзгөрүшүнүн суу ресурстарына тийгизген таасирин эске алганда, диверсификациялоо боюнча талкуулар тандоо эмес, зарылчылык маселесине айланууда.
Күн, шамал, атом: Кыргызстандагы көмур менен суунун альтернативасы
Энергетикалык көз карандылыкты азайтуунун жолдорунун бири — кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү. 2025-жылдын аягында Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясы пайдаланууга берилген. Долбоор кытайлык инвестордун катышуусунда ишке ашырылып, инвестициянын жалпы көлөмү 56 млн долларды түзгөн.
Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директорунун орун басары Бакытбек Бердалиевдин айтымында, ушундай эле станциялар Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында курулууда. 2026-жылы дагы төрт объектти пайдаланууга берүү пландалган.
Бирок, Бердалиев азырынча мындай станциялар бүтүндөй энергетика системасын өзгөртүүгө эмес, аймактардагы электр энергиясына болгон муктаждыктын белгилүү бир бөлүгүн камсыздоого багытталганын белгилеген.
“Учурда бул станциялар жалпы электр энергиясына болгон суроо-талаптын белгилүү бир бөлүгүн жабууга багытталган. Алар, биринчи кезекте, аймактык электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга жана жүктөмдү тең салмактоого жардам берет. Келечекте бул тармактарды кеңейтүү аркылуу алардын жалпы энергетика системасындагы үлүшүн бир кыйла көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар”, - деди ал.
Кыргызстанда ушуга улай эле, шамал энергиясын пайдалануу багыты да өнүгө баштады. Балыкчы шаарында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон өлкөдөгү биринчи шамал электр станциясы курулууда. Долбоорго ылайык, станция Ысык-Көл облусун гана электр энергиясы менен камсыздап тим болбостон, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоого багытталган. 2026-жылдын башында станция электр тармагына алгачкы мегаватттарды бере баштаган.