Сауд Арабия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Сауд Арабия парламентинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Бүгүн Сауд Арабия Падышалыгынын Мажлис Аш-Шурасынын (Парламентинин) төрагасы Абдулла бин Мухаммад Аль Аш-Шейх Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Ардактуу конокту "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар, анын ичинен КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушуу пландаштырылган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте мейманкана куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда