Өлкөдө жыл аягына чейин 47 ишкананы ишке киргизүү мерчемделүүдө

Өлкөдө жыл аягына чейин 47 ишкананы ишке киргизүү мерчемделүүдө

Өлкөдө 2026-жылы 71 ишкана пайдаланууга берилди, жылдын аягына чейин дагы 47 ишкананы ишке киргизүү пландаштырылууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ өткөн республикалык кеңешмеде билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, бул жылы республикада 118 ишкананы пайдаланууга берүү пландаштырылган.

Адылбек Касымалиев 2025-жылы өлкө боюнча 119 өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилгенин белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги жетишкендиктер, жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары жана стратегиялык артыкчылыктар тууралуу айтты.

Анын айтымында, 2021-жылы саламаттык сактоого 26 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2026-жылы бул көрсөткүч 73 млрд 100 млн сомго жеткен. Билим берүү тармагына 2026-жылы 96 млрд сом каралган.

"2026-жылы 262 социалдык инфраструктура объектисин куруу жана пайдаланууга берүү пландаштырылган. 2027-жылы дагы 42 медициналык мекеме жана 107 мектеп курула баштайт. Заманбап автомобиль жолдору курулууда. Эгерде 2021-жылы болгону 175 км жолдо асфальт төшөлгөн болсо, 2026-жылдын ноябрь айына карата бул көрсөткүч 1 883 кмди түздү. Ишке ашырылып жаткан долбоорлор аймактардын келбетин өзгөртүп, алардын туристтик потенциалын жогорулатууда. 2026-жылы Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын саны 12–13 миллион адамга жетет деп күтүлүүдө", — деди ал.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Ала-Тоо Резорт" эс алуу борбору 1-декабрда ачылат

Кыш мезгилинде жолдордо үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоо тапшырмасы коюлду

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү