Садыр Жапаров: "Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү"
Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ өткөн республикалык кеңешмеде өткөн 5 жыл ичинде жигердүү иштер аткарылганын билдирди.
Президент бул аралыкта мамлекеттик институттарды калыбына келтирүүдө, экономикалык өнүгүүнүн бекем пайдубалын түптөөдө жана социалдык-маданий турмуштун бардык багыттарында масташбдуу өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.
"Экономикабыз өнүгүү жолуна түштү. "Кумтөр" кенин мамлекет өзү иштете баштады. Салык, бажы тармагындагы мыйзамсыз аракеттер токтотулду. Консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1 трлн 347 млрд сомду түздү. Жумушсуздукту жоюу жаатында бир топ социалдык жана өнөр жай объекттери ачылууда жана пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлүүдө", - деди мамлекет башчы.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу