Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Акимдер жылына эки жолу эл менен жолугуп турууга милдеттендирилди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргызстандын  мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.

Мыйзам 10-июнда Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин ишинин ачыктыгын, айкындыгын камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу саналат.  

Мыйзам менен “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарлардын мэрлеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын калк менен жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында милдеттүү жолугушууларды өткөрүү милдети белгиленүүдө.

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган кору бар

Кыргызстанда күйүүчү майдын 1-1,5 айга жете турган кору бар. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 3-июлда “Биринчи радиоунун” эфиринде билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстан бир жылда 2 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май керектесе анын 95%ге  жакыны Орусиядан импорттолот. Өлкө негизинен Орусиядан бензин, солярка, авиакеросин,

Тойго барган 49 киши тамак-ашка ууланды

Тойго барган 49 киши тамак-ашка ууланды

Өзгөн шаарында өткөн сүннөт тойдон кийин тамак-аштан массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Санитардык- эпидемиологиялык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 49 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Тойго болжол менен 280 конок катышкан. Уулангандардын бир бөлүгү амбулатордук дарыланууда, калгандары ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында тойдон калган тамакты үйүнө алып барып жеген үй-

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

Ат-Башыда үрөн сактоочу агро борбордун курулушу башталды

3-июлда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ат-Башы районунда өлкөдөгү алгачкы заманбап үрөн сактоочу агро борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Салтанаттуу иш-чарага Суу

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарына 20 даана балдар автобусу алып келинет

Ош шаарындагы Өзгүр айылына караштуу Солнечный дача аймагында балдар үчүн өзүнчө автобус каттамы ачылат. Бул тууралуу шаар мэри Жанар Акаев 3-июлда тургундар менен болгон жолугушуусунда билдирди. Калаа башчысынын айтымында, жакын арада Ош шаарына 20 даана балдар автобусу берилет. Алардын бири Солнечный дача аймагындагы окуучуларды ташуу үчүн бөлүнөт. Жолугушууда жергиликтүү