Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Контролдоо пункттарындагы төлөмдөр толугу менен санариптештирилди

Өлкөдөгү контролдоо пункттарындагы абалды көзөмөлдөө жана төлөм жүргүзүү процесси автоматташтырылды. Учурда пункттардагы кырдаал 24/7 онлайн көзөмөлдөнүп турат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул система төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

2025-жылга чейин айдоочулар төлөмдөрдү кызматкерлер аркылуу жүргүзүп келишкен. Азыр төлөмдү QR-код, терминал же банк картасы аркылуу өз алдынча жүргүзсө болот. Ошондой эле жолго чыга электе эле электрондук капчык аркылуу алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү бар.

Санариптештирүүнүн натыйжасында казынага түшкөн каражат көбөйгөн. 2019-жылы 64 млн сом түшсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 300 млн сомдон ашкан. 2026-жылдын 10 айында эле 291 млн сомдон ашык каражат түшкөн.

Транспорт министрлиги бул багыттагы иштерди мындан ары да улантарын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кызыл-Кыядагы жылуулук ишкана кышкы сезонго даяр

Таласта мыйзамсыз реконструкциялоо иштери аныкталды

Акыркы он айда ИДПнын көлөмү 1 трлн 866 млрд сомго жетти

Электрондук тамекиге болгон чектөөнү узартуу сунушталууда

Чүйдө курулуш эрежелерин бузган 3 компанияга 635 миң сом айып салынды