Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты.

Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык финансылык институттардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жеке сектордун жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышып, Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын артыкчылыктуу өнөр жай демилгелери, аларды ишке ашырууга инвестиция, каржылоо жана техникалык эксперттик колдоо тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкуулашат.

Форум Кыргыз Республикасы үчүн 2025–2029-жылдарга карата Өлкөлүк өнөктөштүк программасынын алкагында өткөрүлөт. Аталган программа Министрлер Кабинетинин жетекчилиги астында ЮНИДО менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Иш-чарада төмөнкү беш багытка көңүл бурулат:

  • айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана нарк чынжырларын өнүктүрүү;
  • кайра жаралуучу энергетика жана өнөр жайды жашыл трансформациялоо;
  • өнөр жайдагы санариптик көндүмдөрдү жана инновацияларды өнүктүрүү;
  • өнөр жайдын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана туруктуу нарк чынжырларын өнүктүрүү;
  • сапат инфраструктурасын жана рынокторго жеткиликтүүлүктү жакшыртуу.

Мындан тышкары, Борбордук Азиядагы өнөр жайды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү каралат. Региондук кызматташтыкты күчөтүү, технологияларды өткөрүп берүү, чек ара аралык өндүрүштүк байланыштарды өнүктүрүү жана өнөр жайды жашыл трансформациялоого инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media