Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барды
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына барды.
Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, иш сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.