Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты.

Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды.

Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, санариптик технологиялар жана жасалма интеллектти медицинага киргизүү талкууланды.

Министр Дамир Осмонов кызматташтык маалымат алмашуу менен чектелбей, биргелешкен долбоорлорго жана практикалык механизмдерге өтүшү керектигин белгиледи.

Кыргыз тарап кадрларды даярдоо, алмашуу, санариптештирүү, чек ара аралык телемедицинаны өнүктүрүү жана бейтаптарды башка өлкөгө дарыланууга жөнөтүү механизмдерин сунуштады. Ошондой эле 2027-жылы электрондук жолдомолор боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү сунушталды.

Жыйынтыкта Биргелешкен декларация кабыл алынып, 2026-2027-жылдарга Иш-аракеттер планы бекитилди. Анда дары-дармекти биргелешип сатып алуу, TurkEMT демилгеси, Түрк фармакопеясы, кадр алмашуу жана жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу каралган.

Кийинки 7-жыйын Түркияда өтө турган болду.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик мүлктү эсепке алууда 12,7 млрд сомдук айырма аныкталды

Мамлекеттик мүлктү эсепке алууда 12,7 млрд сомдук айырма аныкталды

Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына аудит жүргүздү. Анын жыйынтыгында “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” маалыматтары менен “Борбордук бухгалтердик эсеп” программасындагы маалыматтарды салыштырууда 12 млрд 752,9 млн сом өлчөмүндө айырмачылык аныкталды. Эсептөө палатасынын маалыматына

Ишкер Media
Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи. Реформалар

Ишкер Media
Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media