Жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик субсидиялоого долбоорлор даярдалууда

Жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик субсидиялоого долбоорлор даярдалууда

Кыргызстанда жергиликтүү жамааттардын демилгелери боюнча долбоорлор иштелип чыгып, аларды аймактарды өнүктүрүү фонддорунун байкоочу кеңештеринин кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштоо пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер жергиликтүү жамааттардын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо боюнча 2024–2027-жылдарга каралган программанын алкагында жүргүзүлүүдө.

Экономика жана коммерция министрлиги Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте 22-сентябрда программанын ишке ашырылышы, долбоорлорду тандоо жана каржылоого коюлган талаптар боюнча онлайн-семинар өткөргөн. Ага 230 адам катышкан.

Мындан тышкары, 2026-жылдын февралында Кемин жана Ала-Бука райондорунан жергиликтүү жамааттардын демилгелеринин долбоордук цикли боюнча 52 өкүл окуудан өткөн. Ошондой эле Орловка жана Кемин шаарларында 21 адам окутулган.

Программанын алкагында жергиликтүү демилгелерди мамлекеттик субсидиялоо механизмдери жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтык материалдар даярдалган.

Программа Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы №586 токтому менен бекитилген. Анын негизги максаты — жергиликтүү жамааттар сунуштаган долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүү жана ага катышкан тараптарга көмөк көрсөтүү.

Мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүү үчүн 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 токтом менен Аймактарды өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Ал эми 2025-жылдын 4-декабрындагы №779 токтом менен мамлекеттик субсидиялоонун алкагында долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби бекитилген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media