Мамлекеттик мүлктү эсепке алууда 12,7 млрд сомдук айырма аныкталды
Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө 2025-жылга карата бюджеттин жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына аудит жүргүздү. Анын жыйынтыгында “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри” маалыматтары менен “Борбордук бухгалтердик эсеп” программасындагы маалыматтарды салыштырууда 12 млрд 752,9 млн сом өлчөмүндө айырмачылык аныкталды.
Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, бул айырмачылык мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулук системасында олуттуу кемчиликтер жана системалуу көйгөйлөр бар экенин көрсөтүп турат. Ошондой эле аудиттин жүрүшүндө 336,7 млн сом жана 3,6 млн доллар өлчөмүндө финансылык бузуулар аныкталган. Анын ичинен 40,6 млн сом аудит учурунда ордуна коюлган.
Мындан тышкары, 2025-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар 27 млрд 455,3 млн сомду түзгөн. Анын 26 млрд 636,4 млн сому дивиденддерден түшкөн. Мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынан түшкөн каражат 2,7 млн сомду түзгөн.
Аудит камтыган мезгилде 58 мамлекеттик ишкананын 43ү жылды пайда менен жыйынтыктаган.
Эсептөө палатасынын Кеңеши аныкталган кемчиликтерди жоюу, мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана отчеттуулук системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жазма буйрук жана сунуштамаларды берди.