Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Адылбек Касымалиев Михаил Мишустин менен соода-экономикалык маселелерди талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Президенттик админстрациянынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, жолугушуу "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында өттү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлде активдүү саясий диалог жүргүзүлүп жатканын, соода-экономикалык жана аймактар аралык кызматташтык ырааттуу өнүгүп, масштабдуу биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилөө менен, стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинди ушул жылдын август айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. Алдыда боло турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргыз-Россия экономикалык форуму, ошондой эле Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясы өткөрүлөт.

Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча мындан аркы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус кызматташуусунун күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө соода-экономикалык, ошондой эле отун-энергетика комплекси, транспорт, курулуш, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташууга көңүл бурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Биздин чет өлкөлөрдө эс алуубузга салыштырмалуу туристтер Кыргызстанда 1,9 эсе көп каражат коротушту

Кыргызстандыктар өздөрү чет өлкөлөрдө эс алуу үчүн короткон каражаттарга караганда туристтер республикабызда 1,9 эсеп көп каражат коротушту. Улуттук статистикалык комитеттин маалымдамасында ушундайча айтылат. Аталган комитеттин бидиргенине караганда, туристтердин Кыргызстанда короткон каражаттарынын көлөмү 528, 3 миллион долларды түздү. Бул 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинде. Биздин атуулдар чет өлкөлөрдө 284,

Ишкер Media
Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны өттү

Бишкекте ТМУнун саламаттык сактоо министрлеринин 6-жыйыны болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, ага Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттык сактоо жетекчилери, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев катышты. Жыйынга Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов модераторлук кылды. Жыйында дары-дармектин жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу, кадрдык

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Монголия билим берүү тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, министр билим берүүдөгү реформалар тууралуу маалымат берип, мектепке чейинки билим берүү, окуучуларга эрте кесиптик багыт берүү, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга басым жасалып жатканын белгиледи. Реформалар

Ишкер Media
Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Ысык-Көл, Нарында 16 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды

Транспорттук прокуратура Жер үстүндөгү жана суу транспорт департаментинин Ысык-Көл жана Нарын башкармалыктарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө 2025-2026-жылдары чет элдик жүк ташуучу унааларга жол эрежесин бузганы үчүн айып пулдар мыйзамды одоно бузуу менен салынганы аныкталган. Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен мамлекетке 16 млн 29

Ишкер Media