Пакистандын президенти Кыргызстанга келет

Пакистандын президенти Кыргызстанга келет

Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 6–9-июлда Пакистан Ислам Республикасынын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка таянсак, сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат. 

Белгилей кетсек, Пакистан президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу жана реконструкциясы жүрүп жаткан бир катар жол объектилерин кыдырып, долбоорлордун аткарылышы жана мөөнөтүнө таасир эткен көйгөйлөр менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 чакырымды түзгөн жаңы жол жана

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында мыйзам бузууларды аныктады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга