Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 7-июлда, Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири багыттары боюнча кенен пикир алышты.

Садыр Жапаров жогорку даражалуу конок менен саламдашып, өткөн жылдын декабрь айында Исламабад шаарына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдү эске салды.

“Бүгүнкү жолугушуубуз кызматташтыгыбызга жаңы мазмун берип, саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды сапаттуу деңгээлге чыгарууга жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”, - деди Садыр Жапаров.

Бул контекстте ал Эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун ортосунда түз байланыштарды кеңейтүү үчүн бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү жана B2B жолугушууларды байма-бай өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан адал-индустрия, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, логистика, туризм, энергетика жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорду Пакистан менен биргеликте илгерилетүүгө даярдыгын айтты.

Өз кезегинде Асиф Али Зардари соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Асиф Али Зардари Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жалпы тарыхый жана маданий байланыштардын бекем пайдубалына негизделгенин айтты.

Бул ниеттерди иш жүзүндө бекемдөө максатында тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен бекемдешти. Аталган документ стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өзөк болуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүүнүн негизги багыттарын аныктады.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жаңы программа сунушталууда

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык маданиятын калыптандыруу боюнча 2027–2031-жылдарга жаңы программа кабыл алуу сунушталууда. Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негизги максаты — жарандардын финансылык билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртуу, жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, санариптик финансылык коопсуздукту күчөтүү жана негиздүү финансылык чечимдерди кабыл алуу

Ишкер Media
Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Абаны булгаган ишканадан 132 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратура экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, милдеттүү төлөмдөрдүн көп жылдан бери төлөнбөй келгенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, "А.О." ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосферага булгоочу заттарды чыгарганы үчүн төлөмдөрдү төлөбөй келген. Натыйжада бюджетке 132 млн сомдон ашык каражат

Ишкер Media
Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан кофени импорттоону 50 пайыздан ашыкка көбөйттү

Кыргызстан 2026-жылы 9 ай ичинде 3 өлкөдөн 199,3 тонна кофе импорттоду. Бул өткөн жыл боюнча салыштырганда көп. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалымдалгандай, 2025-жылы жыл ичинде импорттун көлөмү 131 тоннаны түзгөн, 2024-жылы болсо 117,8 тонна алынып келинген. Бул жылы 9 ай ичинде 2025-жылга караганда

Ишкер Media
Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкекте 182 млн сомдук бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды

Бишкектин Октябрь районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Карасаев (Дружба) көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты жана жер тилкеси 1993-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке

Ишкер Media