Кыргызстан менен Кытай 11 ири долбоорду ишке ашырууну талкуулады

Кыргызстан менен Кытай 11 ири долбоорду ишке ашырууну талкуулады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолгушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы күчөп, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилешти. Анын ичинде өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 27 млрд долларга жеткени айтылды.

Ошондой эле "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору, "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышы жана "Бедел–Барскоон" автожолунун курулушу боюнча иштер талкууланды.

Мындан тышкары айыл чарба, саламаттыкты сактоо, транспорттук жана бажы инфратүзүмү, атайын техника менен камсыздоо жана айлана-чөйрөнү коргоо багытында 11 ири долбоорду ишке ашыруу мерчемделип жатканы белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар бул маселелерди жакында өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кароону жана эки тараптуу документтерди даярдоону макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media