Кытай тарап Кыргызстанда жер семирткич жана вакцина чыгаруучу ишканаларды курат

Кытай тарап Кыргызстанда жер семирткич жана вакцина чыгаруучу ишканаларды курат

Кыргызстанда жылына 600 миң тоннага чейин минералдык жер семирткич чыгаруучу завод жана 30 млн дозага чейин ветеринардык вакцина өндүрүүчү ишкана куруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул багытта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын агроөнөр жай тармагындагы ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Кыргыз Агрохолдинг" ААК менен Кытай электр инженерия улуттук компаниясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, Кыргызстанда карбамид чыгаруучу завод куруу каралууда.

Маалыматка ылайык, долбоор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу жер семирткичтер менен камсыздоого жана агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары "Кыргыз Агрохолдинг" менен кытайлык "Шицзячжуан Шайнеон" биотехнологиялык компаниясынын ортосунда ветеринардык вакциналарды чыгаруучу завод куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Долбоордун алкагында эл аралык талаптарга жооп берген, жылына 25–30 млн доза вакцина өндүрө турган ишкана куруу каралган. Бул айыл чарба тармагын сапаттуу вакциналар менен камсыздап, өлкөнүн биологиялык коопсуздугун жогорулары айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын өнөр жай ишканалары тарабынан 685,4 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,0%га көп. Өндүрүштүн өсүшү төмөнкү тармактарда белгиленди: * Тамак-аш азыктары жана тамеки продукциялары

Ишкер Media
Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көлдө 112,8 миң акылдуу электр эсептегич орнотулду

Ысык-Көл облусунда жеке тиричилик керектөөчүлөрүнө акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу иштери 91%га аткарылды. Учурда 112 800 эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл электр тармагы ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпысынан 124 274 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Азырынча анын 11 474ү орнотула элек. Учурда эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда. Ноябрь

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Жээнбек Кулубаев Boeing компаниясынын жетекчиси менен авиациянын келечегин талкуулады

Кече Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" ("С5+1") форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү. Бур тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгы белгиленип, 90 иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге карата райондо жалпысынан 90 иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу облустун мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Мааракенин жүрүшүндө,

Ишкер Media