Нью-Йоркто Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартуу маселеси талкууланды

Нью-Йоркто Кыргызстанга жаңы инвестицияларды тартуу маселеси талкууланды

16-июлда Нью-Йорк шаарында Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Oppenheimer Holdings Inc. компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы абалын жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, энергетика, туризм жана транспорттук-логистикалык инфраструктура тармактарында ишке ашырылып жаткан ири улуттук долбоорлорду тааныштырды.

Жолугушууда санкциялык талаптарды сактоо маселелери, Кыргызстандын эгемендүү кредиттик рейтингин "S&P Global Ratings", "Moody's" жана "Fitch Ratings" эл аралык рейтингдик агенттиктери тарабынан жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер көңүл борборунда болду.

Бакыт Сыдыков ошондой эле "Элдик Банк" ААК тарабынан еврооблигациялардын ийгиликтүү жайгаштырылышын белгилеп, бул жетишкендик инвесторлордун ишениминин өсүп жатканын жана экономикалык саясаттын натыйжалуулугун тастыктаган маанилүү көрсөткүч экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз компанияларын эл аралык капиталга чыгаруу, инвестицияларды тартуу механизмдерин өркүндөтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун