Садыр Жапаров Беларустун тышкы иштер министрин кабыл алды

Садыр Жапаров Беларустун тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы саясий диалогдун жогорку деңгээлин, бекем келишимдик-укуктук базаны жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга эки тараптын тең берилгендигин камтыган эки жактуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.
Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы ишенимдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министри Максим Рыженков мындан ары тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экенин жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга берилгендигин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү  талкууланды

DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү талкууланды

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен “Борбордук Азиядагы жөндөмдүү жаштар үчүн диалог жана аракеттер” (DARYA) регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү, ошондой эле формалдуу эмес жана информалдык билим берүүнү таануу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстанда 2024-жылдан тартып

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө куткаруучуларга 16 млн сомго атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 16 млн сомго куткаруучулар үчүн атайын техника жана заманбап жабдуулар алынып, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Алардын арасында "Шакман" унаасы, эки снегоход, суу алдындагы дрон, квадрокоптер жана Starlink Mini бар.

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бишкек жана Сеул шаар башчылары өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

Бүгүн Сеул шаарында (Корея Республикасы) Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Сеул шаарынын мэри О Се Хундун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек жана Сеул шаарларынын мэрлери эки борбор шаардын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Манаста 2 млн долларлык этти кайра иштетүүчү комплекс курулат

Кыргызстанда этти кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор колдоого алынды. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Манас шаарында заманбап эт кайра иштетүү комплексин куруу боюнча “Мираж” ЖЧКсы менен каржылоо келишимине кол койду. Долбоордун жалпы наркы 2 млн долларды түзөт. Анын ичинен РКӨФ өнөктөш банкы “Бакай Банк” аркылуу 900 миң $ каржылайт. Каражат