XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-сентябрда келишип, аларды расмий тосуп алуу аземи өткөн.

Агенттиктин маалыматына караганда, Кыргызстан XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча катышууда. Өлкөнүн атынан жалпы 168 спортсмен жана 58 машыктыруучу барды.

Мындан тышкары, спортсмендерге медициналык жардам көрсөтүү жана калыбына келтирүү иштерин камсыз кылуу максатында Кыргызстандын делегациясынын курамында 7 дарыгер жана укалоочу адистер бар.

Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 39,9%га көбөйөт

2027-жылы жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 39,9%га көбөйөт

Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) Союзунун директору Бектурган Орозбаев КР Финансы министринин биринчи орун басары, министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Айдарбек уулу Талас менен жолугушуп, жергиликтүү бюджеттердин негизги көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты. Жолугушууда 2027-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоору каралып, киреше булактарын көбөйтүү жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо маселелери

Ишкер Media
КМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары боюнча лаборатория ачылды

КМТУда тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары боюнча лаборатория ачылды

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кытайлык Greenleaf Technology Group компаниясы менен биргеликте түзүлгөн Тиричилик химиясынын өнөр жай технологиялары боюнча биргелешкен лабораториянын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, Greenleaf Technology Group компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Сюй Цзяньчэн жана «Бишкек»

Ишкер Media
Садыр Жапаров Юта штатынын жетекчилиги менен жолугушту

Садыр Жапаров Юта штатынын жетекчилиги менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда, АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана Сенатынын президенти Стюарт Адамс менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара

Ишкер Media
Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн республикалык ишембилик өттү

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты. Президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле

Ишкер Media