Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды
Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле REMIT PRIME Central Asia программасынын алкагында жүргүзүлгөн акча которуулар рыногун изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды. Анда рыноктун катышуучулары менен колдонуучулардын муктаждыктары, тоскоолдуктар жана каржылык кызматтарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарында калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары айтылды. Беш коммерциялык банктын тренерлери жаңыланган материалдар боюнча окутулуп, кийин алар Кыргызстандын аймактарында калк үчүн финансылык сабаттуулук боюнча иш-чараларды өткөрүшкөн.


