Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан.

Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, жаңы логистикалык багыттарды өнүктүрүү жана бизнес өкүлдөрүнүн түз байланыштарын күчөтүү маселелери талкууланды.

Форумда кызматташтыктын бир нече конкреттүү багыты белгиленди. Алардын арасында чийки зат эмес продукциянын экспортун көбөйтүү, биргелешкен ишканаларды ишке киргизүү, аймактык соода-логистикалык хабдарды өнүктүрүү жана түз транспорттук каттамдарды кеңейтүү бар.

Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин билдирүүсүнө караганда, иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ишкерлер ортосундагы байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Казакстандын соода жана интеграция министри Арман Шаккалиевдин айтымында, B5+ITALY платформасы италиялык бизнестин Борбор Азия өлкөлөрү менен түз кызматташуусун камсыз кылган практикалык механизмге айланышы керек. Кызматташтык соода жана инвестиция менен гана чектелбестен, өнөр жай кооперациясын, транспортту, логистиканы жана жаңы технологияларды да камтыйт.

Тараптар Казакстан менен Италиянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу маселесин да талкуулады. Мындай байланыштар бизнес жана инвестициялык кызматташтык менен катар туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө шарт түзөрү белгиленди.

Айыл чарба тармагында дан жана май өсүмдүктөрү менен катар өсүмдүк майларын терең кайра иштетүү, белоктуу азыктарды, унду жана кошумча наркы жогору башка продукцияларды экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Форумдун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен соода-инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media