Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 30-июлда, кыргыз-өзбек кызматташтыгын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы шериктештик мамилелер жөнүндө келишимге кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын тилкеси жөнүндө келишим;

Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Чечме булагын биргелешип пайдалануу жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2004-жылдын 24-июлундагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протокол;

Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандынөкмөтүнүн ортосундагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу;

Кыргыз Өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;

Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен Өзбекстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандынөкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан курорттук-рекреациялык чарба объекттери боюнча 2024-жылдын 18-июлундагы макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга маданият жаатындагы кызматташуу боюнча иш-чаралар планы;

Кыргызстандын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга агроөнөр жай комплексиндеги эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планы;

Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстандын Туризм боюнча комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планы;
Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Өзбекстандын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кредиттерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу;

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы 2026-2028-жылдарга эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

2027-жылы кайсы тармакка канча акча бөлүнөт?

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом деп пландалууда. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер 634 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу кече Министрлер Кабинетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык

Ишкер Media
Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет

Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды. Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп,

Ишкер Media
Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media