Фермерлер насыяны онлайн алат: "iDyikan" толук санариптештирилет
Фермерлер банкка барбай, документ чогултпай, кезек күтпөй насыя ала турган формат каралууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, "iDyikan" платформасын толук онлайн-кредиттөөгө өткөрүү маселеси министрдин орун басары Мирбек Дүйшеевдин катышуусунда банк өкүлдөрү менен талкууланды.
Учурда платформада фермерлер катталып, электрондук арыз берет жана онлайн-кезекке туруп, статусун көзөмөлдөйт. 15-апрелден бери "Айыл Банкка" 762, "Элдик Банкка" 255 арыз түшкөн.
Жаңы этаптын максаты - онлайн-кезектен онлайн-кредиттөөгө өтүү. Фермердин санарип профили түзүлүп, мамлекеттик системалардан маалымат автоматтык алынат.
Келечекте "iDyikan" аркылуу жеңилдетилген эле эмес, коммерциялык насыя, инвестиция жана техника лизингин да бир терезеден алуу мүмкүн болот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу