Шавкат Мирзиёев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Шавкат Мирзиёев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Президенти Садыр Жапаров 30-июлда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Мамлекеттик сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана эки элдин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекет башчысы кыргыз-өзбек мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткенин белгиледи. Өз ара колдоонун жана жакындашууга багытталган ырааттуу саясаттын аркасында эки өлкө чыныгы стратегиялык өнөктөштүккө жана ар тараптуу союздаштыкка жетишкенин баса көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгын тапшыруу өзү үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ал бул сыйлык Өзбекстандын лидеринин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн кыргыз элинин терең ыраазычылыгынын белгиси экенин айтты.
Жогорку мамлекеттик сыйлыкты кабыл алып жатып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал бул орденди өзүнө көрсөтүлгөн сый-урмат катары гана эмес, боордош эки мамлекеттин ортосундагы кылымдарды карыткан достукту, ынак коңшулаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерге берилген жогорку баа катары кабыл аларына токтолду.

Ошондой эле ал жетишилген өз ара ишеним менен түшүнүшүү деңгээли эки элдин жыргалчылыгы үчүн союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун