Шавкат Мирзиёев: Товар жүгүртүүдө 2 млрд долларлык көрсөткүч акыркы чек эмес

Шавкат Мирзиёев: Товар жүгүртүүдө 2 млрд долларлык көрсөткүч акыркы чек эмес

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалмытка караганда, бетме-бет форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди жылуу тосуп алып, анын мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек мамилелерине жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Лидерлер бүгүн эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланып, жетишилген макулдашуулар тиешелүү документтер менен бекемделерин белгилешти.

Мамлекет башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанисин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик сапардын алдында өткөн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын, бизнес-форумдун, ишкерлер кеңешинин жыйынынын, Кыргызстандагы Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жана эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлор форумунун жыйынтыктарына токтолду.
Шавкат Мирзиёев тараптар товар жүгүртүүнү бир нече эсеге көбөйтүү боюнча макулдашканын айтып, эки миллиард долларлык көрсөткүч акыркы чек эмес экенин баса белгиледи.

Шавкат Мирзиёев стратегиялык долбоорлорго да өзгөчө көңүл буруп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушун аймактагы геосаясий кырдаалды өзгөртө турган “кылымдын курулушу” деп атады. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун маанисине токтолду.

Сөзүнүн соңунда президент Шавкат Мирзиёев бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өзбек-кыргыз достугун, жакын коңшулукту жана союздаштыкты мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишеним билдирди.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media