Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга  келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга  мамлекеттик сапар менен келди.

Президенттик админстрациянын маалыматына ылайык, Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аба майданында тосуп алды.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Перрондо ошондой эле кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган инсталляциялар көрсөтүлүп, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөндөр маданиятынын элементтерин көрсөтүштү.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери үчүн кыргыз жана азербайжан элдеринин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргызстандык өнөрпоздордун катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчылары 31-июлда, эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга