Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматка таянсак, иш-чарага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Президент Садыр Жапаров жолугушууну ачып жатып, акыркы жылдары мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилгенине жана өз ара ишенимдин чыңдалышынын аркасында аймактык кызматташтык сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканына токтолду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн аймактагы өлкөлөрдүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын Борбордук Азиянын орток кызыкчылыктарын эл аралык аренада ырааттуу илгерилетүү ниетин баса белгиледи.
Президент транспорттук өз ара байланыштарды өнүктүрүү жана энергетикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушунун стратегиялык маанисин, ошондой эле Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.

Садыр Жапаров ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыктын зор мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Ал Кыргызстандын Борбордук Азия мамлекеттерине келген чет өлкөлүк жарандар үчүн бирдиктүү туристтик визаны киргизүү демилгесин белгилеп, бул багытта макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти Түркмөнстандын Консультативдик жолугушуулар форматындагы төрагалыгына жогору баа берип, 2026-жылдын 8-октябрында Аваза шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын башчыларынын сегизинчи Консультативдик жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүү үчүн кыргыз тарап аракеттешүүгө даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчылары кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүгө, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аймактык энергетикалык коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурушуп, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Сөз сүйлөө аяктаган соң президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту.

Бейформал Консультативдик жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Президент Садыр Жапаров кол коюлган декларация Борбордук Азия мамлекеттери менен Азербайжандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, алардын тынчтык, ынак коңшулук жана туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин, ошондой эле аймактык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө болгон умтулууларын чагылдырарын айтты.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media